Жалал-Абад. Ички иштер кызматкерлеринин арасында спорттун 6 түрү боюнча мелдеш өтүүдө

Жалал-Абад облусунда Ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлеринин арасында спорттун 6 түрү боюнча мелдеш өтүүдө. Милициянын лейтенанты Нурланбек Сайдиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлүп жаткан мелдеште кичи футбол, гиря көтөрүү, кол күрөш, ок атуу, ордо, аркан тартыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.  

Мелдештин жыйынтыгы бүгүн, 20-октябрда чыгарылат. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага жалпысынан 6 команда катышууда. Катышуучу командалар: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын Ички иштер башкармалыктары, ИИМдин Түштүк аймагы боюнча күзөт башкармалыгы, ИИМдин Түштүк аймактык атайын багыттагы полку. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан