17-18-октябрь күндөрү Орусиянын Хасавюрт шаарында Континенттер аралык кубок үчүн мелдеш болуп өттү. Мелдешке Азербайжан, Орусия, Украина, Казакстан, АКШ, Грузия, Армения, Польша, Канада, Румыния, Беларусь жана Кыргыз Республикасынын спортчулары катышты.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда жалпысынан 8 салмакта (57 кг, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг, 125 кг) медалдар ойнотулду.
Кыргыз мамлекетинин атынан бул мелдешке Магомед Мусаев катышып, 125 килограмм салмакта күрөштү. Ал башта уттуруп жиберип, финалдык жолдомону колдон чыгарды. 3-орун үчүн күрөштө ал ийгиликтүү болуп чыгып, коло медаль тагынды.
Кошумчалай кетсек, мелдеште 8 салмакта тең алтын медалдарды орусиялык спортчулар багындырышты.