ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу "Алтын топ" сыйлыгына талапкер 23 футболчунун ысымы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган федерациянын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, сыйлыкка талапкер 23 футболчунун 6сы "Барселонанын" оюнчусу болсо, тизмеге "Реал" менен "Бавариянын" бештен оюнчусу, "Манчестер Ситинин" 3 оюнчусу кирди.
30-ноябрда капитандардын, машыктыруучулардын жана журналисттердин добуштарынын жыйынтыгында сыйлыкка негизги 3 талапкер тандалат. 2015-жылдын мыктысы деп табылган футболчу "Алтын топту" 2016-жылы 11-январда алат.
23 талапкер:
Серхио Агуэро, Яя Туре, Кевин де Брюйне (баары "Манчестер Сити"), Гарет Бэйл, Карим Бензема, Криштиану Роналду, Тони Кроос, Хамес Родригес (баары "Реал"), Эден Азар ("Челси"), Златан Ибрагимович (ПСЖ), Андрес Иньеста, Неймар, Хавьер Маскерано, Лионель Месси, Иван Ракитич, Луис Суарес (баары "Барселона"), Роберт Левандовски, Томас Мюллер, Мануэль Нойер, Арьен Роббен, Артуро Видаль (баары "Бавария"), Поль Погба ("Ювентус"), Алексис Санчес ("Арсенал").