Сүйүктүүсүн атып алган жөө күлүк Оскар Писториус 1 жыл абакта отурган соң үй камагына чыгарылды

2013-жылы сүйүктүүсү Рева Стенкампты тапанча менен атып өлтүрүп алган түштүк африкалык жөө күлүк Оскар Писториус үй камагына чыгарылды. Ал өткөн жылдын 21-октябрында 5 жылга эркинен ажыратылып, 1 жыл абакта отурду. Эми спортчунун калган 4 жылда үй камагында болору күтүлүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады. 

Маалыматка ылайык, спортчу үй камагында тиешелүү дарылануудан өтөт жана дайыма көзөмөл астында болот. Ага күнүнө 1 саат гана бош убакыт берилери айтылууда. 

Кошумчалай кетсек, каргашалуу окуя 2013-жылы 14-февралда катталган. Үйүндө отурган спортчу аркы бөлмөдө бирөө жүргөнүн байкап, ууру кирди деген ойдо ага карата ок чыгарган. Бирок ал ууру эмес, өз сүйүктүүсү болуп чыккан. 

Писториус - белгилүү түштүк африкалык спортчу. Ал бутуна темир салынганына карабай чыгаан спортчу катары таанылган. 6 ирет Паралимпиада оюндарын утуп алган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
samira8589
2015-10-20 17:28:53
Ой бечара буту да жок болсо
+1
Gulnaz.GS
2015-10-20 19:46:18
Эми пистолети бар жигитинердин уйуно зв этип.анан баргыла
+1
ZANIA-92
2015-10-22 00:00:37
14-февраль болсо демек суйуктуусу сюрприз кылмакго. Эми жаткан жери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан