№50-абактан качып баратканда кармалгандардын бири Таалайбек Жуманов жүрөк оорусунан улам бүгүн, 20-октябрда түрмөдө каза болду. Азыркы тапта тергөө абагында иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Жуманов Таалайбек Тажиназарович 1970-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда туулган. "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча 2012-жылы Аламүдүн райондук сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен.