"Дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу" наамына талапкер 10 машыктыруучунун ысымы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Эл аралык футбол федерациясынын расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, тизмеге кирген 10 машыктыруучунун 9у Европадагы футболдук клубдардын машыктыруучулары. Тизмеге улуттук кураманы машыктырган 1 гана машыктыруучу Хорхе Сампаоли (Чилинин машыктыруучусу) кирди.
Сүрөттөрдү карап, сыйлыкка талапкер 10 машыктыруучу жыл ичинде кандай ийгиликке жеткени тууралуу кабар алсаңыз болот.
Сыйлык ээси 2016-жылы 11-январда белгилүү болот.
*