22-24-октябрда ченемден тышкары суук жана жаан-чачындуу аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, бул күндөрү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Тоо этектеринде кар жааса, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жамгыр карга айланышы мүмкүн. Тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.