Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада 3 адам каза таап, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда болжол менен саат 16:20да катталган. Бул шахтаны “Матазим” ишканасы иштетип келген. Жабыр тарткандарды башка шахтёрлор алып чыгышкан. Туура 2 саат 20 мүнөт өткөн соң ӨКМнын кызматкерлери бул жерде болуп, газдын деңгээлин текшеришкен.
Жабыр тарткандар Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилсе, каза тапкандардын сөөктөрү өлүк сактоочу жайга жеткирилди. Мекеме соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалайт.
Каза тапкандар:
1. Хамидов Камалжон Халикович, 1985-жылы туулган;
2. Разыков Ганижон Давранович, 1995-жылы туулган;
3. Сулайманов Шокир Сулайманович, 1983-жылы туулган.
Жабыр тартып, ооруканага жеткирилгендер:
1. Сангинов Халилжон Халикович, 1989-жылы туулган;
2. Сангинов Жамалидин Жоликович, 1988-жылы туулган.