Бишкек-Токмок унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу 21-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой,
20-октябрь күнү болжол менен саат 06:20да Бишкек-Токмок унаа жолунун 27-чакырымында Фольксваген Жетта жана Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган.Окуя болгон жерге №21-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары барышып, Фольксваген Жетта унаасында каза болгон 2 адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлерине тапшырышкан.