Бүгүн өлкө чемпиондугу үчүн күрөшүп жаткан “Дордой” 3-орун үчүн ойноп жаткан “Алганы” кабыл алат (оюндардын тизмеси)

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лига барган сайын кызып барат. Сезондун соңунда кимдин чемпиондук үчүн, кимдин 3-орун үчүн күрөшүп жатканы анык. Бүгүн, 21-октябрда командалар 3 упай алуу үчүн 90 мүнөт өз бактыларын сынамакчы. Күндүн башкы беттеши катары “Дордой” менен “Алганын” оюнуна көңүл бурулат, себеби командалардын бири 3-орунга умтулуп жатса, экинчиси чемпиондукту багынтуу аракетинде.

Беттештердин тизмеси, сааттары жана беттештер өтө турган жайлар тууралуу маалыматтар: 

“Абдыш-Ата” (Кант) – “Ала-Тоо” (Нарын)

Стадион: Кант шаары, Центральный стадиону

Башталышы: 15:30

 

“Дордой” (Бишкек) – “Алга” (Бишкек)

Стадион: Бишкек шаары, “Дордой” спорттук комплекси

Башталышы: 15:30

 

“Алай” (Ош) – “Кейжи Юнайтед” (Бишкек)

Стадион: Бишкек шаары, Футбол борбору

Башталышы: 15:30 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tnarbek
2015-10-21 11:04:55
Эмне үчүн Алай өз үйүндө ойнобойт Ошто
0
Alatoo12
2015-10-21 13:19:40
Футбол борбору кайсы жерде? Алайга жан тартап колдоп келели..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан