24-октябрда кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBU) чемпиондук куру үчүн рингге чыгат. 69 килограмм салмак ченинде өтчү беттеште анын атаандашы 27 жаштагы ямайкалык мушкер Натаниэл Галимор болмокчу. Мушкер өзү кабарлагандай, бул 9-раунддук беттеш болот.
Натаниэл Галимор профессионалдык рингде 9 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен.