Бензема, Бэйл, Агуэро сыяктуу футболчулар бүгүн Чемпиондор Лигасында оюнга чыгышпайт (оюндардын тизмеси)

Бүгүн да Чемпиондор Лигасынын 3-тур оюндары өтөт. Анда “А”, “В”, “С” жана “D” тайпаларында экиден оюн болуп, жалпысынан 16 футболдук клуб өз ара кез келет. Бул күндүн башкы беттештерине токтолобуз.   

“А” тайпасы  

Тайпа лидеринин оюнуна мадриддиктерден жаракат алган Карим Бензема менен Гарет Бэйл чыкпайт. Мындан улам париждиктердин ийгилигине үмүт арткандар көп. Ал эми украиналык “Шахтёр” менен швециялык “Мальмё” клубунун оюну кызыктуу болот, себеби алгачкы оюндарын уттурган бул клубдар мелдештеги алгачкы упайды алууга аракет кылышат. Албетте, тең ойноп, бирден упай алууга эки клуб тең макул эмес.

ПСЖ (Франция) – “Реал” (Мадрид, Испания)

“Мальмё” (Швеция) – “Шахтёр” (Украина)

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Реал” (Испания)

2

6

2

ПСЖ (Франция)

2

6

3

“Мальмё” (Швеция)

2

0

4

“Шахтёр” (Украина)

2

0

 

“В” тайпасы

Артта 2 оюн ойнолсо да, бул тайпада кайсы команданын кийинки баскычка чыгары белгисиз, себеби бардык командалардын карамагында үчтөн упай бар. Москва шаарында ЦСКА англиялык “Манчестер Юнайтедден” 3 упай алуу аракетин көрөт. Ал эми “Вольфсбург” атаандашы ПСВга экинчи жеңилүү ызасын тарттыруу максатында майданга чыгат.

ЦСКА (Орусия) – “Манчестер Юнайтед” (Англия)

“Вольфсбург” (Германия) - ПСВ (Голландия)

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

ПСВ (Голландия)

2

3

2

“Манчестер Юнайтед” (Англия)

2

3

3

ЦСКА (Орусия)

2

3

4

“Вольфсбург” (Германия)

2

3

 “С” тайпасы

Буга чейин казакстандык “Астана” алгачкы упайын алып, казак боордошторду катуу кубанткан эле. Бул жолу алардын упай алганын эмес, ири эсепте жеңилбөөсүн тилегендер көп, себеби ар бир оюнун финал катары ойногон мадриддик “Атлетико” астаналыктар үчүн кандай “меймандостук” көрсөтөрү белгилүү. Ал эми акыркы оюнда казак клубу менен тең ойноп, көпчүлүк күйөрмандарын кыжалат кылган “Галатасарай” Лиссабонго конокко барат. “Бенфика” тайпадагы лидерлик саптан оңой түшүп калууга кымындай ниети жок экени белгилүү.

“Атлетико” (Испания) – “Астана” (Казакстан)

“Галатасарай” (Түркия) – “Бенфика” (Португалия)

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Бенфика” (Португалия)

2

6

2

“Атлетико” (Испания)

2

3

3

“Галатасарай” (Түркия)

2

1

4

“Астана” (Казакстан)

2

1

 

D” тайпасы

Бул мелдеште тажрыйбасы аз “Боруссия” алгачкы 2 оюнун уттурду. “Ювентус” болсо тайпада 2 оюнда тең утуп чыккан жалгыз команда. Командалар алгачкы 2 турдагыдай оюн көрсөтө турган болсо, жеңиш “Ювентус” тарапта болмокчу. Соңку сезондо курамын бир топ күчтүү оюнчулар менен толуктаган “Манчестер Сити” Европа Лигасынын былтыркы чемпионуна каршы эмне ойлоп табарын оюн көрсөтөт, себеби “Сити” Серхио Агуэро жана Давид Сильва сыяктуу лидерлери жок ойнойт.

“Ювентус” (Италия) – “Боруссия” (Мёнхенгладбах, Германия)

“Манчестер Сити” (Англия) – “Севилья” (Испания)

Мелдеш жадыбалы:

Орун

Команда

Оюн

Упай

1

“Ювентус” (Турин, Италия)

2

6

2

“Севилья” (Испания)

2

3

3

“Манчестер Сити” (Англия)

2

3

4

“Боруссия” (М, Германия)

2

0

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ulik-89
2015-10-21 12:06:14
Реал алга
+3
killer-star
2015-10-21 14:03:16
Бейл чыкпаганы чатак болуптур
-1
JrDosSantos
2015-10-21 14:03:51
Манчестер сити!!!!!!!!!!!
+1
Sunrice
2015-10-21 14:11:15
Real Madrid alg'a
-1
nurtai
2015-10-21 14:36:40
Man.Utd alga!!!
-1
MAN-CITY
2015-10-21 15:40:14
Сити уят кылбагыла эми
+1
Adi.Avazbekov
2015-10-21 17:36:41
Real
0
windows.kg
2015-10-21 18:55:27
барса кана
0
juventusmilan
2015-10-21 21:00:07
реал алга хамес оюнга чыгабы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан