"Дордой" футболдук клубу "Алга" клубуна 2:1 эсебинде утулуп калды (фоторепортаж)

"Дордой" - "Алга" - 1:2
Голдор: Азизбек Келдияров (54-мүнөт) - Иван Филатов (15-мүнөт, 90-мүнөт)
Бүгүн, 21-октябрда Бишкекте футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турлары өтүп жатат. Чемпиондук үчүн күрөшүп жаткан "Дордой" клубу өз үйүндө "Алга" менен ойноп, 2:1 эсебинде утулуп калды. Беттештин 15-мүнөтүндө Иван Филатов гол жаратып, эсеп катыштыгында "Алганы" алдыга алып чыкты. "Дордойчулар" 1-таймда бир топ ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратышканы менен, гол киргизе алышкан жок. Оюндун 2-таймында "Дордойдун" чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев алмаштырылды. Анын ордуна Азиз Келдияров чыкты. Оюн бир топ жандана түшүп, арты-артынан чабуулдар уюштурулду. Жыйынтыгында
А.Келдияров 54-мүнөттө эсепти теңеди. Андан ары оюн кызуу уланып, командалар болгон күчүн сарпташты. Оюндун 90-мүнөтүндө "Дордой" чабуулда топ жоготту. Бул учурдан пайдаланган "Алганын" оюнчулары каршы чабуул уюштуруп, экинчи голду жаратышты. 

Мелдеш жадыбалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан