22-октябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 3-тур оюндары болуп өттү. Бул күндөрү “А”, “В”, “С” жана “D” тайпаларында экиден оюн болду. Күндүн башкы катары саналган ПСЖ-"Реал" беттеши күйөрмандардын үмүтүн актаган жок. Беттеш 0:0 эсебинде аяктап, эки команда бирден упайга ээ болду. Ал эми орусиялык ЦСКА англиялык "Манчестер Юнайтед" менен 1:1 эсебинде тең ойноду. Күтүлбөгөн жыйынтык катары швециялык "Мальмё" клубунун украиналык "Шахтёрду" утуп алганын, италиялык "Ювентустун" өз үйүндө тең ойногонун айтсак болот.
“А” тайпасы
ПСЖ (Франция) – “РЕАЛ” (Мадрид, Испания) - 0:0
“МАЛЬМЁ” (Швеция) – “ШАХТЁР” (Украина) - 1:0
Гол: Маркус Розенберг (17-мүнөттө)
Мелдеш жадыбалы:
Орун | Команда | Оюн | Упай |
1 | “Реал” (Испания) | 3 | 7 |
2 | ПСЖ (Франция) | 3 | 7 |
3 | “Мальмё” (Швеция) | 3 | 1 |
4 | “Шахтёр” (Украина) | 3 | 0 |
“В” тайпасы
ЦСКА (Орусия) – “МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД” (Англия) - 1:1
Голдор: Сейду Думбия (15-мүнөт) - Антони Марcьяль (65-мүнөт).
“ВОЛЬФСБУРГ” (Германия) - ПСВ (Голландия) - 2:0
Голдор: Бас Дост (46-мүнөт), Макс Крузе (57-мүнөт)
Мелдеш жадыбалы:
Орун | Команда | Оюн | Упай |
1 | “Вольфсбург” (Германия) | 3 | 6 |
2 | “Манчестер Юнайтед” (Англия) | 3 | 4 |
3 | ЦСКА (Орусия) | 3 | 4 |
4 | ПСВ (Голландия) | 3 | 3 |
“С” тайпасы
“АТЛЕТИКО” (Испания) – “АСТАНА” (Казакстан) - 4:0
Голдор: Сауль (23-мүнөттө), Жексон Мартинес (29-мүнөттө), Оливер Торрес (63-мүнөттө), Денис Дедечко (89-мүнөт, өз дарбазасына).
“ГАЛАТАСАРАЙ” (Түркия) – “БЕНФИКА” (Португалия) - 2:1
Голдор: Николас Гайтан (2-мүнөттө) - Сельчук Инан (19-мүнөттө), Лукас Подольски (33-мүнөттө).
Мелдеш жадыбалы:
Орун | Команда | Оюн | Упай |
1 | “Бенфика” (Португалия) | 3 | 6 |
2 | “Атлетико” (Испания) | 3 | 6 |
3 | “Галатасарай” (Түркия) | 3 | 4 |
4 | “Астана” (Казакстан) | 3 | 1 |
“D” тайпасы
“ЮВЕНТУС” (Италия) – “БОРУССИЯ” (Мёнхенгладбах, Германия) - 0:0
“МАНЧЕСТЕР СИТИ” (Англия) – “СЕВИЛЬЯ” (Испания) - 2:1
Голдор: Евгений Коноплянка (30-мүнөт) - Адиль Рами (36-мүнөт, өз дарбазасына). Кевин де Брeйне (90-мүнөттө).
Мелдеш жадыбалы:
Орун | Команда | Оюн | Упай |
1 | “Ювентус” (Турин, Италия) | 3 | 7 |
2 | “Севилья” (Испания) | 3 | 6 |
3 | “Манчестер Сити” (Англия) | 3 | 3 |
4 | “Боруссия” (М, Германия) | 3 | 1 |