Кечээ, 21-октябрда орун алган "Кейжи Юнайтед" - "Алай" оюнунда 2 гол жараткан "Алайдын" футболчусу
Алиа Силла өлкө чемпиондугунун быйылкы сезонунда бомбардирлердин алдынкы сабына чыкты. Силла бул тизмеде
Мирлан Мурзаевди артка калтырып, голдорунун санын 16га жеткирди.
Кошумчалай кетсек, футболчу "Алайдын" курамында быйыл биринчи жолу ТОП-Лигада ойноп жатат. "Алайдын" күйөрмандары ага "Кара жорго" деген каймана ат ыйгарышканы белгилүү.
Өлкө чемпиондугундагы бомбардирлер:
16 гол - Алиа Силла ("Алай")
15 гол - Мирлан Мурзаев ("Дордой")
11 гол - Алмазбек Мирзалиев ("Дордой")
10 гол - Иван Филатов ("Алга")