Кыргыз спортчулары грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда 3 медаль тагынышты

Түркиянын Анкара шаарында өткөн грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, мелдешке дүйнөнүн 24 мамлекетинен келген спортчулар катышкан. "No Gi" категориясында кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты. Абдурахманхаджи Муртазалиев 84 килограмм салмакта күмүш медаль тагынса, Төрөкан Багынбай уулу 71 килограмм салмакта күмүш тагынды. Ал эми Турсунбек Асылгазиев 77 килограмм салмакта 3-орунду ээледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AFFANCULO
2015-10-22 17:11:08
Рахмат!!
+1
bayana1987
2015-10-22 17:16:01
Азамат жигиттер!!! ийгилигиңер мындан да көп болсун. Өтө кубанычтабыз..
0
Rashinboy
2015-10-22 17:27:12
Азаматтар! Ийгиликам каалайм.
0
manas_skf
2015-10-22 18:14:29
Торокандын суроттору жок го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан