Кечээ, 22-октябрда абактан качкан 4 кылмышкердин акыркысы
Алтынбек Итибаев өлтүрүлдү. Аны жок кылуу операциясы Бишкектеги Достук кичи районунда орун алып, 3-4 саатка созулду. Бул түн тарсылдаган автоматтын үндөрү жана жардыруулар менен коштолуп, бул тегеректе жашаган эл уйкудан калды. Бул аймакта 100гө чукул милиция кызматкери таң атканча күзөттө турду. Аймактагы сүрөттөлүшкө токтолсок, эртең менен эрте турган эл атышуу болгон аймакты карап, сынык терезелер жакка улам кылчайып өтүп жатат. Ар жерде гильзалар, жарылуучу заттардын калдыктары болгон. Кийинчерээк милиция кызматкерлери гильзаларды баштыктарга терип кетишти.
Окуя Достук кичи районунун башталышында жайгашкан 8-үйдүн 3-кабатында орун алган. Бул окуя болгон үйдүн батыш капталындагы көрүнүшү. Мында сынык азыраак болгон.
*

Окуя тууралуу маалыматы жок киши деле арыда ачык турган терезени көрүп, бул жерде бир нерсе болгонун жана ал жайда эч ким түнөбөгөнүн болжойт. Себеби азыркы аба ырайы түнкүсүн терезени ачык таштоого жол бербейт.
*

Достук кичи районундагы 8-үй. Тургундар милиция кызматкерлеринен түндө болгон окуя тууралуу кызыгып сурап жатышат.
*

Үйдүн түбүндө кадимки жууркан сууга чыланган бойдон турат. Бул көрүнүш түрдүү ойго жетелейт: жууркан атышуу маалында үйүнөн шашып чыга калган бирөөнүкүбү же октябрдын суугунда селсаяктарды сууктан коргогон жуурканбы...
*

Таң атканча милиция кызматкерлери аймакта күзөттө турушту. Алардын так санын айтуу мүмкүн эмес, болжол менен 100гө чукул.
*

Бул 8-үйдүн чыгыш тарабындагы капталы. Кире бериште тосмо коюлуп, элди киргизбей турушат.
*

Бул 8-үйдүн чыгыш тарабындагы капталы. Бул жерде маңдайкы 2 терезеден тамтык калган эмес.
Албетте, алгач көңүл тарпы чыккан терезеге бурулат. Ошондой эле дубалдын боорунан октун издерин байкоого болот. Ал эми бул терезелердин тушунан автоматтын окторунун гильзаларын көрүүгө болот.
Көз ачыштыруучу газдын калдыктары...
*

* Терезенин тушунан кадам сайын гильзаларды көрүүгө болот.
*

Терезенин тушунан кадам сайын гильзаларды көрүүгө болот.
*

Түндө тегеректеги дүкөндөр саат жетиге жетпей эле жабылып калган. Түнкү окуядан улам уйкусу бузулган айрым соодагерлер алигиче дүкөндөрдү ача элек.
*

Үйүнөн чыгып жумушту көздөй бет алган тургундардын баары окуя болгон үйдү карап өтүп жатышат.
*

Үйүнөн чыгып жумушту көздөй бет алган тургундардын баары окуя болгон үйдү карап өтүп жатышат.
*
