Эртең, 24-октябрда Кантта футбол боюнча өлкө кубогунун финалы орун алат. Финалда канттык клубдар "Наше пиво" менен "Абдыш-Ата" кез келет. Беттеш 14:00дө "Центральный" стадионунда башталат. Бул беттеш боюнча "Абдыш-Атанын" башкы машыктыруучусунун жардамчысы Владимир Сало төмөнкүлөргө токтолду:
"Абдыш-Ата" футболдук клубу быйылкы жылы өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада чемпиондук жарыштан чыгып калды. Эми сезонду ийгиликтүү жыйынтыктоо үчүн клуб КРнын Кубогун утууга тийиш. "Наше пиво" клубу, албетте, оңой атаандаш эмес. Айта кетчү жагдай, командалар макулдашып майданга чыгат деген ойдон алыс болуш керек. Эки команда тең жеңишке жетишүү максатында майданга чыгат".