Футбол боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Австралия жана Иордания менен болчу оюндарга карата кеңейтилген курамды жарыялады. Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында өтчү оюндарга карата даярдык көрчү курамга 34 футболчу чакырылды. Беттешке жакын машыгуу сбору өтөт жана машыгууда 23 футболчу иргелип алынмакчы.
Кошумчалай кетсек, 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда улуттук курам 12-ноябрда Австралия менен (конокто) 17-ноябрда Иордания менен (Бишкекте) беттешет.
Курам төмөнкүчө:
Дарбазачылар:
Матяш Павел ("Maziya Sports", Мальдив аралдары), Кашуба Валерий ("Худжанд", Тажикстан), Агапов Максим, Зинченко Максим (экөө тең "Дордой"), Амиров Руслан ("Туранспор", Түркия)
Коргоочулар:
Талант Самсалиев, Дениэл Тего, Шерзот Шакиров, Курсан Шератов (баары "Дордой"), Азамат Байматов ("Ситра", Бахрейн), Валерий Кичин ("Тюмень", Орусия), Тамирлан Козубаев ("Гранитас", Литва), Виктор Майер ("SV Meppen", Германия), Акрам Умаров ("Абдыш-Ата"), Юсупов Мустафа ("Ала-Тоо").
Жарым коргоочулар:
Эдгар Бернхард (“Prachuap”, Таиланд), Антон Землянухин ("Раднички" Ниш, Сербия), Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков ("Абдыш-Ата"), Амиров Ильдар ("Tуранспор", Түркия), Турсунали Рустамов, Павел Сидоренко ("Алга"), Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Вадим Харченко, Ислам Шамшиев, Авазбек Откеев, Динмухамед Таалайбеков, Темирбаев Эльхан (баары "Дордой").
Чабуулчулар:
Люкс Виталий ("Нюрнберг-2", Германия), Алмаз Мирзалиев, Дэвид Тетте (баары "Дордой"), Мирлан Мурзаев (“Afjet Afyonspor”, Түркия), Филатов Иван ("Алга").