Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лига акырындык менен соңуна жакындап барууда. Бүгүн, 24-октябрда 2-орунда келе жаткан "Дордойдун" футболчулары "Алга" менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жеңиш менен "дордойчулар" 3 упайга ээ болушуп, Оштун "Алай" клубунун мөөнөтүнөн мурун чемпион болуусуна чек коюшту. Акыркы сезондо чемпион болгон "Дордой" быйылкы сезондогу башкы атаандашына чемпиондукту эрте өткөрүүгө көнгөн жок (эми 3 упайга ээ болсо, "Алай" чемпион болот).
Голду оюндун 78-мүнөтүндө Авазбек Откеев киргизди. Ал эми гол жаратуу мүмкүнчүлүктөрү эки командада тең болгонун кошумчалай кетели.