Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Бишкектеги кезектеги беттешин 17-ноябрда Иорданияга каршы өткөрүшөт. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо орун алат. Учурда суук бул стадиондогу чөптөргө терс таасир тийгизбөөсү үчүн атайын чаралар көрүлүүдө. Тактап айтсак, майдандын бети толугу менен жабылды.