Быйыл футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Бишкекте 3 беттеш өткөрүштү. Улуттук курам алгач Австралияны кабыл алып, 2:1 эсебинде утулду. Андан кийин футболчуларыбыз тажик футболчулары менен 2:2 эсебинде тең ойношту. Акыркы беттеш Бангладешке каршы болуп, анда биздин пайдабызга 2:0 эсеби катталды. Бардык оюндарда Дөлөн Өмүрзаков стадиону күйөрмандарга жык толду.
Бир жаман жагы, бардык беттештер күйөрмандардын түрдүү жосунсуз жоруктары менен эсте калды. Мисалы, Австралияга каршы беттеште стадионго билетсиз күйөрмандар киришти, бирөө майданга чуркап чыкты. Мунун айынан КРнын Футбол федерациясын ФИФА (Эл аралык футбол федерациясы) 28 миң долларга айыпка жыкты. Тажикстан менен болгон беттеште бул каталар кайталанган жок, бирок оюнга чейин 2 миңге жакын отургуч жаңыртылганына карабастан, күйөрмандар 250 отургучту сындырып кетишкен. "Бангладеш менен болгон оюн тынч өттү, мурункудай көрүнүштөр кайталанган жок" дегенибиз менен, бул оюнда да отургучтар сынган. Өздүк булактар кабарлашкандай, анда болжол менен 70тей отургуч сынган.
SUPER.KG порталынын кызматкерлери стадионго барып, андагы көрүнүш менен таанышып келишти. Ооба, сынган отургучтарды байкадык. Айрым жайларда отургучтар алынып салынган. Балким, Иорданияга каршы беттеште бул орундарга башка отургучтар коюлат деп болжодук. Сүрөттөргө көз салып, андагы көрүнүш менен сиз да таанышыңыз, окурман.
Кошумчалай кетсек, Бангладешке каршы беттеш 13-октябрда орун алып, анда кыргыз футболчулары 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Эсиңиздерде болсо, жеңиш алып келген голдорду Виталий Люкс жана Ильдар Амиров жараткан. Бул жеңиштен кийин 3 упайга ээ болгон улуттук курам упай катыштыгында 3-орунда ишенимдүү келе жатат.