Бүгүн, 25-октябрда Финляндиянын Иматра шаарында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалы орун алат. Чечүүчү беттеште кыргыз спортчусу Дастан Лепшаков менен Беларусь Республикасынын өкүлү Евгений Салтовский беттешет. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Дастан Лепшаков мелдештин алгачкы күнүндө орусиялык Никита Володинди утуп (7:4), 1/16 финалга жолдомо алган. Андан соң ал Беларустун өкүлү Святослав Семёновду (7:5 эсебинде) жана молдовалык Сергей Крыжановскини (7:6) утуп, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда кыргыз спортчусу украиналык Павел Родионовду утса (7:6), жарым финалда ага Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, орусиялык Никита Ливада утулуп калды (7:1).