Бүгүн, 25-октябрда Финляндиянын Иматра шаарында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдешке 16 мамлекеттен 61 спортчу катышып, жеңүүчүнү аныкташты.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, финалдык беттеште кыргыз спортчусу Дастан Лепшаков менен Беларусь Республикасынын өкүлү Евгений Салтовский беттешти. Беттештин башында эле кыргыз спортчусу эсеп катыштыгында алдыга чыкты. Е.Салтовскийдин эсепти кыскартуу аракеттери андан ары татаалдаша берди. Кызыгы, жыйынтыктоочу 3 партия 8:0 эсебинде кыргыз спортчусунун пайдасына чечилди. Жыйынтыгында финалда 7:1 эсеби катталып (8:2, 4:8, 8:4, 8:0, 8:7, 8:0, 8:0, 8:0), Дастан Дүйнө чемпиону аталды.
Д.Лепшаков мелдештин алгачкы күнүндө орусиялык Никита Володинди утуп (7:4), 1/16 финалга жолдомо алган. Андан соң ал Беларустун өкүлү Святослав Семёновду (7:5 эсебинде) жана молдовалык Сергей Крыжановскини (7:6) утуп, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда кыргыз спортчусу украиналык Павел Родионовду утса (7:6), жарым финалда ага Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, орусиялык Никита Ливада утулуп калды (7:1).
Кошумчалай кетсек, бул мелдеште кыргыз желеги астында чыккан дагы бир спортчу К.Сагынбаев 9-орунду ээледи.