Бүгүн, 25-октябрда Ош шаарында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги туру болуп өттү. Бул күнү А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Алай" футболдук клубу нарындык "Ала-Тоону" кабыл алды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда 3:2 эсеби катталып, "алайлыктар" жеңишке жетишти.
Буга чейин чемпиондуктагы башкы атаандашы "Дордойдон" 8 упай ашып кеткен "Алайдын" бул оюнда жеңишке жетишсе, чемпион болору күтүлгөн. Жыйынтыгында Ильяз Алимовдун 2 голу жана Алиа Силланын 1 голу чемпиондук беттеште жеңиш алып келди.
Муну менен "Алай" өз тарыхында 2-ирет өлкө чемпиону аталды. Буга чейин клуб 2013-жылы чемпиондукту камсыздаган.