24-октябрда кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBU) чемпиондук куру үчүн рингге чыкты. 69 килограмм салмак ченинде ал 27 жаштагы ямайкалык мушкер Натаниэл Галиморго каршы турду.
Мушкер SUPER.KG порталына кабарлагандай, анда 9-раунддук беттеш болду. Жыйынтыгында 3 калыстын бири жеңишти Урматка ыйгарса, бири Натаниэлге берди. Ал эми үчүнчү калыс "тең чыгуу катталды" деген пикирди карманган (78-74, 75-77, 76-76). Ошентип, жеңүүчү аныкталбай, тең чыгуу катталды.
"Бул чемпиондук беттеш менен буга чейинки беттештердин айырмасы байкалган жок. Жеңүүчү аныкталбаганына байланыштуу эч кимге чемпиондук наам ыйгарылган жок. Эми экинчи беттешти 2016-жылы жай айларында өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Баарын убакыт көргөзөт",- деди мушкер.