Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын алкагында Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу 25-октябрда нарындык “Ала-Тоо” клубун утуп, өлкө чемпиону аталды. Чечүүчү беттеште 3:2 эсебинде жеңишке жетишкен команданы шаар мэри куттуктады.
Мэриядан кабарлашкандай, Айтмамат Кадырбаев оюнчуларды жеңиши менен куттуктап, жаңы жетишкендиктерди каалады. “Алай” командасы мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиондугун утту. Оюн аябай кызыктуу өттү. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай эң мыкты, татыктуу оюн көрсөттүңүздөр. “Алай” футболдук командасы - жалпыбыздын сүйүктүү командабыз, ошондуктан бул жеңиш шаардыктар үчүн чоң белек жана сүйүнүч. Биз ар дайым команданы колдоп келебиз жана ар тараптан колдоого даярбыз”,- деди А.Кадырбаев.
Кошумчалай кетсек, "Алай" футболдук клубу Ош шаардык мэриясына карайт.