Льюис Хэмилтон 3-ирет “Формула-1” жарышында Дүйнө чемпиону болду

Британиялык спортчу Льюис Хэмилтон “Мерседес” командасынын курамында карьерасында 3-ирет Дүйнө чемпиону аталды. Ал чечүүчү жарышта АКШнын Гран-присин утуп, мөөнөтүнөн мурун чемпион аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, АКШдагы жарышта ал мара сызыгын биринчи болуп кесип өтсө, 2-орунду Нико Росберг (“Мерседес”) ээледи. Себастьян Феттель (“Феррари”) жарышты 3-орунда жыйынтыктады. Муну менен Хэмилтон сезондогу упайларынын санын 327ге жеткирди (чемпиондуктагы атаандаштары Феттелде 251 упай, Нико Росбергде 247 упай).

Кошумчалай кетсек, Л.Хэмилтон “Формула-1деги” карьерасын 2007-жылы “McLaren” командасында баштап, кийинки жылы эле Дүйнө чемпиону аталган. Акыркы эки жылдан бери ал “Мерседестин” намысын талашып келет. Эсиңиздерде болсо, ал өткөн жылы Дүйнө да чемпиону аталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
manas93kg
2015-10-26 20:04:47
Мерседес озу популярдууда!
-1
RASTAMAN
2015-10-27 04:03:52
Дайыма Росберг экинчи
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан