24-октябрда канттык “Абдыш-Ата” Кыргыз Республикасынын кубогун утту. Ал эми ТОП-Лигада болсо чемпиондукту Оштун “Алай” футболдук клубу мөөнөтүнөн мурун камсыздады. Лигада “Дордой” күмүш медаль тагынса, “Абдыш-Ата” менен "Алга" клубдары коло үчүн күрөшүп жатышат.
Бүгүн, 27-октябрда ТОП-Лиганын алкагында “Алга” клубу "Кейжи Юнайтед" менен кез келет. Оюн Бишкекте өтмөкчү.
“Алга” (Бишкек) – “Кейжи Юнайтед” (Бишкек)
Башталышы: 15:30
Стадион: Футбол федерациясына караштуу Футбол борбору
Кошумчалай кетсек, ТОП-Лиганын жобосуна ылайык, өлкө чемпиондугундагы 6 команда бири-бири менен төрттөн оюн ойноп чыгат. Жалпысынан сезондо 1 команда 20 оюн өткөрүүгө тийиш.