Кечээ, 26-октябрда бишкектик “Дордой” футболдук клубу менен сербиялык машыктыруучу Завиша Милосавльевич кызматташууну токтотту. Мунун себеби “Дордойдун” өлкө чемпиондугунда 2-орунду ээлеп, Кыргыз Республикасынын Кубогунда жарым финалда утулуп калуусу менен байланыштуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактарыбыз кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сербиялык адис оюнчулар менен 26-октябрда клубдун базасында коштошкон.
Кошумчалай кетсек, З.Милосавльевич “Дордойго” 2014-жылы келген. Алгачкы сезонунда эле ал Суперкубокту, өлкө чемпиондугун жана Кыргыз Республикасынын Кубогун утуп алган. 2015-жыл машыктыруучу үчүн ийгиликтүү боло берген жок. “Дордой” АФКнын Кубогунун тандоо турунда түркмөнстандык “Ахалга” утулуп калган.
Кошумчалай кетсек, ТОП-Лига кезектеги 2 тур менен аяктайт. Анда “Дордой” “Абдыш-Ата” жана “Ала-Тоо” клубдары менен ойнойт.