Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын мүчөсү Арсен Эралиев уулдуу болду. Бул тууралуу спортчунун жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, спортчу уулуна Элмырза деген ысым ыйгарган. Арсен жубайы Айзада менен 2014-жылы октябрь айында баш кошкон.
Кошумчалай кетсек, Арсен Эралиев учурда “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына даярданып жүрөт. Ал аталган мелдешке жолдомону АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда камсыздаган.