Исфанада 10 миңден ашык бөтөлкө контрафакттык алкоголь продукциясы табылды

Баткен облусунда Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору жалпы суммасы 840 850 сом болгон 10 051 бөтөлкө контрафакттык алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү документтери жок, ар кандай аталыштардагы алкоголдук продукциялар (арак, коньяк, жеңил алкоголдук ичимдиктер жана сыралар) Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын аймагында жайгашкан кампа жайларынан табылган. Бул иштин материалдары Баткен облусунун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат башкармалыгына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bektursun2010
2015-10-28 16:53:38
эми баарын сындырыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан