Кара-Кулжадан келген окуучулар Ош шаарындагы мектептердин окуучулары менен таанышышты

Бүгүн,  27-октябрда Ош шаарынын №1-мектебинде “Элдердин биримдиги  - достук көпүрөсү” аттуу иш-чара болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун мектептеринен келген келген окуучулардын тобу шаар кыдырып, шаардагы мектептерди көрүп гана тим болбостон, окуучулар менен да кенен таанышып, бири-бирине белектерди беришти.  

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, конок катары келген окуучуларды аталган мектептин окуучулары ыр-бийлери менен тосуп алып, мектеп менен тааныштырышты. Буга жооп катары Кара-Кулжа районунун мектептеринен келген окуучулар да өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, ыр-бийлерин тартуулашты.

Иш-чаранын негизги максаты окуучулар бири-бири менен таанышып, карым-катнашта болуу, окуучулар арасында улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо болду.

Эми Баткен районунун окуучулары да келишери күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurperi8981
2015-10-28 15:50:50
кайсы мектептен келишкенин да жазып койсонор болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан