Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Алга" клубу "Кейжи Юнайтедди" 6:0 эсебинде утту

ТОП-Лигада чемпиондук наам Оштун “Алай” футболдук клубуна буюрганы менен, 3-орун үчүн күрөш кызуу уланууда. Лигада “Абдыш-Ата” менен "Алга" клубдары коло медаль үчүн күрөшүп жатышат.

Бүгүн, 27-октябрда ТОП-Лиганын алкагында “Алга” клубу "Кейжи Юнайтед" менен беттешип, 6:0 эсебинде утуп алды. Голдорду Мирбек Акматалиев (2 гол), Иван Филатов (2 гол), Жаныбек уулу Жанар жана Рустамов Турсунали киргизди.  

Бул жеңиш менен 3 упайга ээ болгон "Алга" карамагындагы упайлардын санын 30га жеткирди.  

 

Кошумчалай кетсек, ТОП-Лиганын жобосуна ылайык, өлкө чемпиондугундагы 6 команда бири-бири менен төрттөн оюн ойноп чыгат. Жалпысынан сезондо 1 команда 20 оюн өткөрүүгө тийиш. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulya.akbaralieva
2015-10-27 20:00:48
Бишкек супер!!! Молодцы!!!!!
+1
Beki055
2015-10-27 20:55:39
Неге башка областардан клубтар жок
0
adidilet
2015-10-28 10:16:09
Beki055,ошол областтардын губернаторунан сура да. Футболдун фсын билбегендер колдомок беле.
0
MAN-CITY
2015-10-27 21:47:37
(ЮНАЙТЕД)укмуш жаман иттин аты бору басар дегендей.
+3
fanatkg
2015-10-27 23:30:31
MAN-CITY, хехехе
+1
adjo_krsu
2015-10-28 01:30:33
Жыргашыптыр го учоотен "дубль" кылышып...)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан