Ноябрда Бишкектеги ат чабышта байгеге 4 автоунаа жана 500 миң сом коюлат

5-7-ноябрь аралыгында Бишкектеги “Аккула” ат майданында ат оюндары болот. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара кыргыз маданиятын, улуттук оюндарды жайылтуу максатында уюштурулат. 5-6-ноябрь күндөрү “Кыргыз тулпарлары” деген аталышта кыргыз жеринде тапталган аттардын көргөзмөсү болот.

7-ноябрда болсо “Тайтору чабышы” деген аталышта ат чабыш орун алат. Анда ат чабыштын 8 түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталып, байгеге 4 автоунаа жана 500 миң сом коюлат.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, ат чабыштын төмөнкү түрлөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталмакчы:  

1. Англиялык асыл тукумдагы аргымактар жарышы (2800 метр аралыкка)

2. Тай чабыш (4 миң метр аралыкка)

3. Кунан жорго (4 миң метр)

4. Кунан чабыш (11 миң метр)

5. Бышты жорго (4 миң метр)

6. Топ байге (15 400 метр)

7. Жорго салыш (11 миң метр)

8. Тайтору чабышы (31 миң метр) 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Akabai
2015-10-28 11:29:13
Оо аябай кызык оюндар болот экен
0
Bekchoro
2015-10-28 12:02:22
Ушундай ат оюндарын коп-коп уюштуруп элди патриоттуулука чакырып тургула.
0
aidartegin
2015-10-28 12:34:03
Саат канчаларда болот??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан