Чүйдө "чогуу жашаган эркекти бычактап өлтүргөн" деп шектелген аял кармалды

Кечээ, 27-октябрда түндө 1966-жылы туулган Чүйдүн С.А. аттуу жараны кордук менен өлтүрүлгөн. ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул тууралуу 23:50дө милицияга маалымдалган.

Маалыматка ылайык, жансыз дене “Тез жардам” кызматынын унаасы менен ооруканага алынып келинген. Жайыл райондук милициясы окуя боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашаган аялды кармашты.

Кийин белгилүү болгондой, бул аял маркум менен Кара-Балта шаарындагы Мичурин көчөсүндө жашаган. Бул күнү кызганычтан улам экөөнүн ортосунда уруш чыгып, жыйынтыгы кандуу окуя менен аяктаган.

“Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө”,- деп жазылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhykyo
2015-10-28 13:03:53
Ушундайлар кобойду аялдар кол салган же нерви жукарып баратышабы
+3
Medina9384
2015-10-28 15:25:14
Кудайым сактай кор. Ачууга алдырбайлычы озубузду.
+2
briliant87
2015-10-28 15:45:01
Баарынын эле нерви жукаго а.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан