"Дордой" - "Абдыш-Ата" - 0:2
Голдор: Евгений Малинин (32-мүнөттө), Бектур Талгат уулу (37-мүнөттө).
Бүгүн, 28-октябрда Бишкекте ТОП-Лиганын (өлкө чемпиондугу) кезектеги турунда бишкектик "Дордой" канттык "Абдыш-Атаны" кабыл алды. Беттеш 2:0 эсебинде канттыктардын пайдасына чечилди. Эки гол тең 1-таймда кирди. Бул күнү жеңиш кайсы командага көбүрөөк керек экенин "Абдыш-Атанын" оюнунан байкаса болот, себеби команда дагы да болсо 3-орун үчүн күрөшүүдө.
Апта ичинде башкы машыктыруучусу Завиша Милосавльевич менен коштошкон "Дордойдун" курамында көп өзгөрүү болгон эмес. Болгону, чабуулчу Алмаз Мирзалиев да, Азиз Келдияров дагы башкы курамга чыккан жок. Алардын ордуна чабуулда Динмухаммед Таалайбек уулу ойноп, 2-таймда алмаштырылды. Оюн кызуу башталып, эки команда алмак-салмак чабуул уюштуруп жатышты. Эсеп ачылганга чейин "Дордойдо" да, "Абдыш-Атада" да гол жаратуу мүмкүнчүлүгү болду, бирок командалар мүмкүнчүлүктү бошко кетиришти.
Оюндун 89-мүнөтүндө орой ойногондугу үчүн "Дордойдун" жарым коргоочусу Ислам Шамшиев кызыл айып кагазын алды.