Бүгүн, 29-октябрда өспүрүмдөр курамасынын Азия чемпиондугуна чыкканына байланыштуу маалымат жыйыны болуп өттү. Ага КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев, өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев жана команда капитаны Азамат Мелисбеков катышты. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев бул жаңылыкка жаш баладай сүйүнгөнүн айтты.
"Биз бул жаңылыкты укканда Казакстанда мелдеште жүргөнбүз. Мага казакстандык "Тараз" футболдук клубунун машыктыруучусу Непал курамасынын мелдештен алынганын, кыргыз футболчулары Азия чемпиондугуна чыгышканын айтты. Мен бул жаңылыкты балдарга оюндан кийин айтайын дегем, бирок кармана алган жокмун. Чынында, бул жаңылыкка команда аябай кубанды, жаш баладай кубандык десем болот",- деди С.Сүймалиев.
Кошумчалай кетсек, 16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук курамабыз 2016-жылы сентябрда жана октябрда Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна бармай болду. Мындай чечим тайпада 2-орунду ээлеп, жолдомо алган Непалдын жаш куракка байланыштуу эрежени бузганынан улам кабыл алынган.