28-октябрда Ошто "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Салиева көчөсүндө кармалган 38 жаштагы М.С. аттуу аялдан экстремисттик мүнөздөгү материалдар жана 5 китеп алынган. Ал "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталганда анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, экстремисттик адабияттар, кагаздар, дептер жана DVD дисктер табылган. Факт боюнча экспертиза дайындалды.
Ошол эле күнү аталган уюмдун дагы бир мүчөсү кармалып, андан 22 диск, 20 дептер, 13 китеп, 2 баракча, 5 видеокассета, 1 флешкарта алынган. Факт боюнча иликтөө жүрүүдө.