Футбол боюнча Азия чемпиондугуна чыккан өспүрүмдөр курамасы 6 машыгуу сборун өткөрөт

Непал курамасынын мелдештен четтетилгенине байланыштуу 16 жашка чейинки курактагы футболчуларыбыз 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугуна барышат. Бул мелдешке даярдыктардын алкагында команда 6 машыгуу сборунан өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына карата өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев билдирди. 

Анын айтымында, даярдык 2016-жылдын март айында башталат. Машыгуу сборунун качан жана кайсы жайда өтөрү азырынча тактала элек. 

КРнын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев өз кезегинде федерация бардык жактан колдой турганын билдирди. "Негизи, машыгуу сборлору тууралуу машыктыруучу план түзүп, анан бизге сунуштайт. Биз каржылык жактан сөзсүз колдоо көрсөтөбүз",- деди ал. 

Кошумчалай кетсек, Азия чемпиондугу 2016-жылы сентябрь, октябрь айларында Индияда өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан