Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганы уткан "Алай" футболдук клубу 31-октябрда сезондогу акыркы беттешин өткөрөт. Бул күнү клуб Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо бишкектик "Алга" клубун кабыл алат. Бул беттешке карата клуб билеттерди сатканы турат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун кызматкери Айбек Татанов билдирди.
"Биз билет сатууну "Алай" АФКнын Кубогуна чыкканда баштаганбыз. Өлкө чемпиондугунда болсо клубдун "Дордой", "Абдыш-Ата" жана "Алга" клубдарына каршы беттештерине көп билеттер сатылат. Ал эми "Ала-Тоо" жана "Кейжи Юнайтед" клубдарына каршы оюндарга аз сандагы билеттер сатыкка чыгат",- дейт А.Татанов.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасы боюнча бир гана "Алайдын" оюнуна күйөрмандар туруктуу келет. Ошол себептүү өлкө биринчилигинде жалгыз гана аталган клуб билеттерди сата алат. Бишкектеги оюндарда стадионго кирүү акысыз болсо да, стадион толо элди чанда көрүүгө болот.