Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов Бахрейндин "Ситра" клубунун курамында дебют жасады. Ал алгачкы беттешинде башкы курамга чыгып, 90 мүнөт ойноду.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, Байматов ойногон "Ситра" клубу конокто "Бусайтин" клубу менен кез келген. Жыйынтыгында "Ситра" 2:1 эсебинде утулуп калган.
SUPER.KG порталына маек берип жатып Азамат Байматов Бахрейн футболу тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон: "Бахрейндин лигасында испаниялык үлгүдөгү футбол ойнолот. Командалар көбүнчө кыска пастар аркылуу оюн курганга аракет кылышат".
Кошумчалай кетсек, ал сентябрь айында Бахрейн Премьер-лигасында ойногон "Ситра" футболдук клубу менен 1 сезонго келишим түзгөн. Келишим дагы узартылышы мүмкүн.