Талас облусундагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн жетекчисине карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү

Талас облустук прокуратурасы тарабынан Боо-Терек айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн жетекчисине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, кароо үчүн Бакай-Ата райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 17-августунда аталган айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата Бакай-Ата райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Аталган айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен 264 657 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулган. Азыркы учурда кылмыш иши каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан