Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы батирлердин биринен бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 30-октябрда кабарлашты.
Маалым болгондой, 29-октябрь күнү саат 19:05те ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Свердлов РИИБинин кызматкерлеринин өтүнүчү боюнча аталган райондогу №32-үйдүн 60-батиринин эшигин ачышып, үйдүн ичинен адамдын жансыз денесин алып чыгышкан. Андан соң жансыз денени Свердлов РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.