Чүй ОИИББинин 10-Башкармалыгынын кызматкерлери менен Чүй РИИБинин 10-тобунун кызматкерлери 29-октябрда облустагы Дөң-Арык айылынан буга чейин соттолгон “Хизбут-Тахрир” уюмунун 1977-жылы туулган М.А. аттуу мүчөсүн кармашты. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан 30-октябрда билдиришкендей, орган кызматкерлери анын жашаган үйүн тинтүүгө алып, 1 даана китепче жана "Хизбут-Тахрир” уюмунун идеясы камтылган 3 даана барак табышты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.