Кыргыз жеринде жакынкы 2 жыл ичинде бильярд боюнча кезектеги Дүйнө чемпиондугу өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу КРнын Бильярд спорту боюнча федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу Каныбек Сагынбаев билдирет.
Анын айтымында, аталган спорт түрү боюнча Эл аралык федерация Дүйнө чемпиондугун уткан мамлекеттерге Дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугун берет. "Биз буга чейин кыргыз жеринде ири мелдештерди уюштуруп келгенбиз, андыктан тиешелүү тажрыйба бар. Дастан Лепшаковдун Дүйнө чемпиондугун утканы бул ири мелдешти мекенибизде өткөргөнгө себеп болуп бере алат. Мамлекеттин колдоосу, албетте, керек",- дейт К.Сагынбаев.
Кошумчалай кетсек, бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу кыргыз жеринде 2 ирет өткөн. Мелдеш алгач 2012-жылы Бишкекте уюштурулса, 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн.