Бишкекте 3 ай мурун банкты тоноо ниети ишке ашпаган жигит изделүүдө

Бишкекте банктардын биринин филиалынан акча тоноого аракет жасаган жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда шаардык милициянын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, быйыл 20-июлда саат 09:20 чамасында бет кап кийген куралчан адам банктын филиалына кирген. Кеңседе кассанын администратору, бухгалтер жана күзөтчү болгон. Кылмышкер күзөтчүнү жарадар кылып, куралы менен кассанын айнегин сындырууга аракет жасаган, бирок акча ала албай качып кеткен.

Күбөлөр кылмышкер 20-23 жашта, дене түзүлүшү арык, бою 165-170 сантиметр экенин айтышты. Эгер ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, милицияга (0555) 10-21-76, (0701) 98-88-34,
(0772) 67-19-76 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
A3A
2015-10-30 12:11:07
Кол бошоп эми издеп баштадынарбы???
+9
sarbo
2015-10-30 12:27:18
эми эстерине келген окшойт
+4
Umar080814
2015-10-30 12:50:03
шайлоонун иштери менен болуп унутуп калыпбыз эми табыш керек.
+3
Lui
2015-10-30 12:53:13
Банктын кызматкерлери гана тааныбаса, бул сүрөттөн жүзүн аныктоого мүмкун эмес экен.
Күбөлөр кылмышкер 20-23 жашта, дене түзүлүшү арык, бою 165-170 сантиметр экенин айтышты. Ал эми бул сүрөттөо б-ча ар бир экинчи адам дал келет)))
+3
bolotbai3
2015-10-30 12:59:24
Аты ким деген экен ошол жигиттин?банктан акчаны ала албай калса да кылмышкер деп коюптур го.
+1
Rifle
2015-10-30 14:13:28
Мен бул баланы тааныйм, ал ийгиликсиз аяктаган тоноочулук фильмде тартылган :))))
+3
only_progress
2015-10-30 14:23:02
Шерменде 20-июль деп журот го,эми эстерине келишиппи?
+2
Shekeev969798
2015-10-30 16:51:26
Эми эсинерге келдиби 3 ай отуптур издебейле койгула аны андан бери кылмыш кылбаса керек
+1
Msto005571
2015-10-31 13:36:41
Shekeev969798, жон эле тамашалап коюптур да ээркек экен ошончо тамашалаганга
+1
orhidea
2015-10-30 22:51:01
отчет бериш керек болуп жаткан го. Эми кармадык деп бир шордуунун мойнуна илип койушпаса экен...
+2
Msto005571
2015-10-31 13:35:17
orhidea, уят олумдон катуу деп эми уялгандан бироонун башына илет
+1
Kara-kulzha
2015-10-31 00:10:14
Шайлоо буткон экенда. издеп калышыптыр!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан