Ырчы Омарга карата кылмыш иши токтотулду. Эми ал сотто күбө катары гана катышат

"Ырчы Өмүрбек Жанышевдин (Омар) кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок" деп ага карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG порталына Талас облустук милициясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, кылмыш иши боюнча айыпталуучу Нуржан Токтогулов учурда убактылуу кармоочу жайда отурат, ага карата кылмыш иши токтотулган жок. "Токтогуловдун туугандары жана жакындары аны менен соттун чечими аркылуу жолуга алышат",- дешти милициядан.

Эскерте кетсек, Талас райондук сотунун 2015-жылдын 28-июлундагы токтому менен Омардын 2015-жылдын 28-июлундагы кармалуусу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, бөгөт коюу чарасы катары 2015-жылдын 20-августуна чейин камакка алуу түрү тандалган.
Талас облустук сотунун соттук коллегиясы 3-августта карап, Талас райондук сотунун 28-июлдагы токтомун өзгөртүп, кармалуусун мыйзамсыз деп тапкан. Ошондой эле бөгөт коюу чарасынын түрү өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө жөнүндө кол кат тандалган. Тергөө бүткөнгө чейин ырчы Омарга Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынан эч жакка кетпөөсүнө жана Талас облусунан сыртка чыгууга тыюу салынган.
27-августта Омарга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жана Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиевдин кепилдиги менен Талас облусунан чыгууга уруксат берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (53)
Shekeev969798
2015-10-30 16:46:44
Омар ак
+2
Ayida
2015-10-30 18:50:32
Омар иним ак аны жараткан Аллах озу колдойт.Аны каралагандар азабын тартат кийин.
+1
more22
2015-10-30 19:10:00
Акты ак караны кара дегиле ананайындар (((((((
-3
merka27
2015-10-30 19:17:42
Омар ак жеринен камалганына ишенсенер болот, эгер Нуржандын аялы берген интервьюну уксанар. Ал жерде аялы айтат Омар уйго келчу, чай ичип эшике чыгып Нуржан экоо эшиктен суйлошуп келчу деген жери бар. Ошол жерде: Нуржан фасоль жонундо суйлоштук,- деп айтчу дейт демек Нуржан аялынан жашырган акчаны да фасольду да алганын, Омар адамгерчилик кылып анын аялына айтпай куткон.Омардын Нуржан менен суйлошконундо: Нуржан эч кимге айтпай туруусун акчаны тапса эле берээрин айткан.Омар ортомчу болгону чынго
-8
Tokyo...95
2015-10-30 22:57:04
Омардын акталып чыкканы жакшы болуптур. Коро албагандар суйлой берет
-6
edik91-osh
2015-10-31 03:26:43
ак болссо да бирок кара дагы калдыго шекттуу каттары
+3
suyom_seni
2015-10-31 10:35:36
Омар эмес башкасы ак чыгатат соттордун чонтогун томпойтуп.Анан кантип ОМАР акталбасын!
+3
Миргүл Эсеналиева
2015-10-31 11:54:02
Урматтуу кыргыз элим! "Эл оозунда элек жок" - деген кеп бар, ага мен кошулам! Бирок, Омар кыргыз элим, жерим деп жургон патриот бала экенин баардыныздар беш колдой билесиздер! Билип туруп "иииии, кой бир жаман нерсе жазып калайын" - деп, коралбастыктын кереги жокко дейм!Омар Аллахтан корккон бала жана ар бир дуаларында "кыргыз элим тынч болсун, эч жамандык корбосун" дейт, ал эми силер Омардын суйунучун тен болушкондун оордуна, кобунор табалап жазып жатасыздар! Аллах куноолорунуздоруду кечирсин!
-2
aijamal001
2015-10-31 18:41:37
Миргүл Эсеналиева, аларга башынызды оорутуп эмне кыласыз?!озунуз айткандай эл оозунда элек жок.
Суйлой беришет да оозуна келгенин.
Эн негизгиси Омар байкенин куноосу жок экенине мен ишенем. Буларга койсонуз олгон адамды да тирике чыгарып жиберишет.
0
aijamal001
2015-10-31 18:34:07
Малга окшоп оозунарга келгенди оттой бересинерби?
Аллахтан сурангыла силердин башынарга да Омардын куну тушпосун.
Оз козунор менен корбогондон кийин эмне кыласынар суйлоп?!
Во первых все знает что он не виноват
Во вторых Омар не такой
Так что не думаете плохого. Молитесь.
+1
econom313
2015-10-31 21:44:50
Ак ийилет, бирок сынбайт деген. Аллах куру дооматтан сактасын. Омар бир тууганыбызга бир сыноо болду. Бүт адамдар жөнүндө терс күмөндө боло берүү да туура эмес. Бири-бирибизге дайыма оң күмөн менен карайлы. Аллах жүрөгүбүздү сүйүүгө толтурсун.
+1
benjamin31
2015-11-01 01:04:55
Ичи куйгондор,ушакчылар негативный комментарийлерди жазышат.Силерге айтаарым жан=дуйнонорду тазалагыла!Никто не вечен в этом мире.За каждое лжесловие ответите перед Богом.
-1
altyshka_23
2015-11-01 01:28:23
Омар бироонун акысын жей турган,балага окшобойт.Акталып жакшы болуптур
0
altyshka_23
2015-11-01 01:31:05
Ар кимдин созуно кулак салбаныз,сиздин ак экенинизге Кудайым кубо
0
adina_love
2015-11-01 15:09:59
Ак ийилет бирок сынбайт!
0
USSRKG
2015-11-03 01:40:43
Силерге эмне ар ким озунун арабасын тартсын ошондо баары сонун болот. Омар мн чырдашкандар билет эмне болгонун. Ал эми чындыкты бир аллах билет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан