Токмоктон каза болгон эки жашар Алиянын атасы: "Бажам кызымды сабап өлтүрүптүр, мага "таштын үстүнөн кулап каза болду" дешкен эле"

Ош облусунун Өзгөн районунда 27-октябрда эки жашар наристе заара кылып койгону үчүн 39 жаштагы Мураш аттуу жарандын токмогунан каза болгон эле. Бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG'ге кыздын атасымын деген Медер Абдылда уулу байланышка чыгып, кызы катуу токмоктолуп каза болгонун айтты. Анын билдиришинче, келинчегинин ата-энеси ага кызы чоң таштын үстүнөн кулап түшүп каза болгонун айтышкан.

"Кызым ооруканада жатып көз жумганын 27-октябрь күнү түштөн кийин коңшумдан уктум. Ошол замат ооруканага барып, кызымдын бетинде көк ала тактар бар экенин көрдүм. Келинчегиме жолуга албай, ата-энесинен сурасам, "кызың чоң таштын үстүнөн кулап түштү" деп айтышты. Бажам сабап өлтүргөнүн айтышкан эмес. Чынында, кызымдын бетинин оң тарабында жана чекесинде көк ала так бар эле. Экспертизадан өткөрүп, наристени кыйнабай эле коюуну чечип, сөөгүн жерге берип койгонбуз. Кызымдын токмоктолуп каза болгонун кечинде силердин порталдан окуп калдым. Ошондуктан окуяны кайрадан териштирүүгө кириштим. Заара кылып койгону үчүн өлтүрүп салышканына ачууланып жатам. Кызым 2 жашка да толо элек болчу",- деди Абдылда уулу.

Кызы бажасынын үйүнө кандайча барып калганын да айтып берди. "Келинчегим Айчүрөк экөөбүз жакшынакай жашап жүрүп таарыныша кеткенбиз. Быйыл май айында улуу бажам менен кызымды сабаган Мураштын келинчеги үйдөн аялымды алып кетип калышкан. Ошол бойдон Мураштын үйүндө жашап жүрүшкөн. Бир канча жолу "кайра кел" деп айткам, бирок келбей койгон. Кызымды минтип өлтүрүп коюшарын билгенимде эчак эле алып келмек элем.

Эми өлтүрүп коюшканы аз келгенсип, кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бербей жатышат. Келинчегим да мени менен байланышпай качып жүрөт",- дейт кыздын атасы.

Эскерте кетсек, окуя 26-октябрь күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда 39 жаштагы Өзгөн районунун тургуну балдызынын кызын заара кылып койгону үчүн аны тарбиялоо максатында сабаган. Андан кийин кыз Өзгөн райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, өзүнө келе албай 27-октябрда көз жумган. Дарыгерлер кыз башынан катуу жаракат алганын айтышкан эле.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
TOMMYHILFIGER
2015-10-30 15:09:28
Lili сизге кошулам 100%
+2
kubat_1973
2015-10-30 15:09:50
баланын баркын убагында билбеген сон эми окунгонундо не паида андаи кыиын болсон эчак издеп барып колуна албаит белен тируусундо .туштон кииин калп окунумуш болбои.кудаи да баланы балага зар болгонго берсе не каидагы ичкич келесоолорго бербеи.
+4
Nasi1981
2015-10-30 15:14:46
Кебетеси эле айтып турат, кандай экенин. Бул эркек сорой, ХХХ менен дос. Олгондон кийин ата болуп чыга келгенин кор. Кайсы аял торкунуно же жездесинин торуно барып отургусу келсин, козун жалдыратып. Ушуга окшогон ХХХХ айынан канча бала кор, канча аял бактысыз болуп жатат. Бечара наристе жарк этип келип, жалп этип очтун. Убалын зоокур жездене, акылсыз атана тийсин.
+4
admin_superstan
2015-10-30 15:31:00
Nasi1981, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
-1
Bankir
2015-10-30 16:41:17
Nasi1981, ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-10-30 16:58:00
Bankir - эскертүү!
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
0
kg.myrza.94
2015-10-31 00:51:24
Nasi1981, Бул адам менин соседим болот сиз билбей туруп бироону каралабаныз анткени келбет эч нерсени чечпейт бул адам укмуш адам аябагандай ак конул жакшы адам эмне кылсын коп ирет барды кой кайт уйго уят деп бирок тиги женеша ожорлугун койбоду.
0
Nasi1981
2015-10-31 08:53:04
kg.myrza.94, аа кечиресинер мен башкача ойлоп, ачуум менен каттуу кетипмин. Бул периште акылы тайкы, турмушка женил коз караш менен караган, женил ой жаштардын курмандыгы болду. Жездесиникине желпендеп жетип барды не болду, ач отурсанда, ток олтурсанда оз атасынын бешенесинде олтурса кызынын бешенесинен суйуп олтураар эле.
0
TOMMYHILFIGER
2015-10-30 15:14:47
Урушуп калсан. Ошол оз уйундон катыныны кетиргиче озун кетип калбайсынбы? Эркек башын менен катынды бажандын уйундо жашатып коюп озун ХХХ ХХХ жатпай уйдо. Озунда журдунда балык уулап корунгон ар кимге асылып арам болуп.
+4
admin_superstan
2015-10-30 15:31:50
TOMMYHILFIGER, этика нормаларын сактаңыз!
-3
kg.myrza.94
2015-10-31 00:55:32
TOMMYHILFIGER, Сен кандай ак..к адамсын балада айып жок анын кандай экенин аялынын кандай экенин мына биз айылдаштары билебиз балада куноо жок...
0
anyaza
2015-10-30 15:24:45
Бироого кор, бирооно зар бала.Менин туугандарым 8 жылдан бээри балалуу боло албай,кайрылбаган жерлери калбады.Бар акчанын баары даарыдармеке берип.Колдо бар алтын баркы жок болуп кээ бирлер барктабай олтуруп жатышат.
+3
advokat.nur
2015-10-30 15:31:39
апасы кайда баланын кандай мээрез эне.атасы эми билип олтурса кантип журогуно сактап журот экен
0
kyrgyz_girl
2015-10-30 15:51:13
апасы азыр больницада бир жак буту колу иштебей! Ал эми жезде сорой буга чейин соттолгон экен
0
akzuura
2015-10-30 16:22:53
kyrgyz_girl,сен кайдан билесиң?колу буту иштебегенин?
+1
Aselya-Maksatbekova
2015-10-30 16:52:45
kyrgyz_girl, ХХХ ХХХ ХХХ... эненин... жездеси кызын уруп атса каякта журуптур? ХХХ ХХХ ХХХ... Бышырып коюптурбу жездесинин уйундо? Жаман эркекти жакшы кылган аял болот. ХХХ ХХХ ХХХ... Мына эми периштедей наристени олтуруп алды.
+2
admin_portal
2015-10-30 17:04:01
Aselya-Maksatbekova - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.
-1
azakarash
2015-10-30 16:22:00
ушуга окшогон аялдар омур боюу торобой калса экен
+1
bolotbek91
2015-10-30 16:42:22
Баарына ата энеси куноолуу ортодо балдар жабыр тартып жатат ажырашуунун айынан
+1
ROUSE
2015-10-30 16:51:57
Жийиркенсен многоразовый подгузник кийгиз бир пачка тамекиден да арзан турат. Булганган чупурок жууса тазарат, олгон баланы тирилте албайсын
+2
Aselya-Maksatbekova
2015-10-30 16:58:56
Наристе деген кудайдын баасыз белеги да. Ал белекти асырап суйуп мээриминди тогуп чонойтуп алыш биздин милдетибиз.Олум жазасын киргизиш керек мыйзамга... Ошондо ушундай кылмыштар болбойт.
+2
kyrgyz_girl
2015-10-30 17:07:53
менин женемдин айылдашы экен кыз
+1
aijan280389
2015-10-30 18:22:19
kyrgyz_girl, женен кайактан болот
+1
kyrgyz_girl
2015-10-30 18:35:52
aijan280389, мырзаке
+1
bolush11
2015-10-30 17:48:50
Бул жерде атасынын куноосу бар экен "АТА" болсон аялынды алып кетишин керек болчу туштон кийин алып келмекмин дебестен
+2
daniyar84
2015-10-31 06:48:57
Ата-эненин кусуру балага тийет,алар бирге жашаса бул иш болбой калар эле.наристени алла таала деле ботон жерде кыйналганын коруп бейишке алып кетти.
+2
umar12
2015-11-04 10:01:58
Канчалаган наристелер зордук зомбулуктан коз жумду.Биздин закон чыгаруучу бийлик органдары, монатори жарыялап "Олум жазасын" алып койушкан качан депутаттардын кызын ошонтип олтургондо кайрадан киргизет ко дейм олум жазасын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан