Аламүдүн районунда атуучу куралдар табылды

Өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына 29-октябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда 3-4 адам буюмдар салынган мүшөктөрдү катып, өздөрү белгисиз тарапка кетишкени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган мекеменин кызматкерлери талаадагы арыктан полиэтилен баштыгына салынган куралдар: "Сайга 410 К" автоматы, "Сайга" 7,62 калибриндеги мылтык, "Байкал" 12-1 калибриндеги мылтык, "ПМ" жана "Байкал" тапанчаларын, атуучу куралды тазалоочу май, ок табышкан. Азыркы тапта соттук-дактилоскопикалык жана соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-10-30 14:09:46
оптикалык прицелди мага бергилечи ? страйкболдо керек болуп жатат .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан